Негизги мазмунга өтүү
Кирүү Жеке тараптарга(https://apps.demirbank.kg/?lang=kg)Бизнес үчүн NEW(https://apps.demirbank.kg/ib?lang=kg)Бизнес үчүн(https://online.demirbank.kg/corporate/transactions/INDEX_01.jsp?p_LangCD=RUS)
Мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялар
Мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялар
«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКсы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) рыногунда негизги дилер болуп саналат жана кардарларга МБК менен соода-инвестициялык операцияларды тейлөө боюнча кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт. МБК - бул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган карыздык милдеттенмелер. Кыргыз Республикасынын МБК рыногу мамлекеттик казына векселдери (МКВ), мамлекеттик казына облигациялары (МКО), ошондой эле КРУБ ноталары менен көрсөтүлгөн.
100 сом МКВнын номиналдык баасы
Мамлекеттен кепилдик
Ликвиддүү мамлекеттик инструмент
Мамлекеттик Казыналык Векселдер (МКВ)
Мамлекеттик казына векселдери (МКВ) - кыска мөөнөттүү, пайызсыз (дисконттук) мамлекеттик баалуу кагаз, жүгүртүү мөөнөтү 3, 6 жана 12 ай, документсиз формада чыгарылат. 1 МКВнын номиналдык наркы – 100 сом.
Өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча МКВ дисконт менен номиналдык наркынан төмөн баада чыгарылат, төлөө номиналдык наркы боюнча жүргүзүлөт. Акыркы аукциондордун жыйынтыктары бул жерде(https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=119&lang=KGZ) жеткиликтүү.
Мамлекеттик казына облигациялары (МКО) — бул бир жылдан ашык мөөнөткө чыгарылган, жылдык пайыздык кирешеси (купон) бар, узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар. Облигациялар документсиз формада чыгарылат. Бир МКОнун номиналдык наркы — 100 сом. Купондук төлөмдөр жылына эки жолу жүргүзүлөт. Акыркы аукциондордун жыйынтыктары бул жерден(https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=1554&lang=kgz) жеткиликтүү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ноталары
КРУБ ноталары — бул Улуттук банк тарабынан чыгарылган кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар, алар накталай акча жүгүртүүнү жөнгө салууга багытталган акча-кредит саясатынын куралы катары колдонулат. Бир нотанын номиналдык наркы 10 000 сомду түзөт. Ноталар 7 күндөн 364 күнгө чейинки мөөнөткө чыгарылат жана дисконт менен жайгаштырылат, ал эми номиналдык наркы боюнча төлөнөт. Акыркы аукциондордун жыйынтыктары бул жерде(https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=120&lang=KGZ) жеткиликтүү.
МКВнын өзгөчөлүктөрү
МКВ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген жана өлкөдөгү эң төмөнкү тобокелдикке ээ болгон баалуу кагаздар болуп эсептелет